Дарыядан баланы издеп жатып каза болгон куткаруучуга «Эрдик» ордени ыйгарылды
Дарыядан баланы издеп жатып каза болгон ӨКМдин куткаруучу-суучулу Аскарбек Казыбековго каза болгондон кийин «Эрдик» ордени ыйгарылды.
Аскарбек Казыбеков ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун терең суудагы куткаруучу-суучулдар бекетинин башчысы болуп кызмат өтөгөн. Ал Талас облусунда баланы дарыядан издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатып, кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн бир катар жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.
Сыйлангандардын толук тизмеси президенттин расмий сайтында жарыяланды.
