Талиева Эмгек кодексин жакшы билген күчтүү адистер калбаганын айтты
9 сентябрь

Талиева Эмгек кодексин жакшы билген күчтүү адистер калбаганын айтты

Депутат Камила Талиева эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиевге кадрлар маселесине кылдат көңүл бурууну сунуштады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Алмаз Имангазиевдин министр кызмат ордуна талапкерлигин колдошту.

«Социалдык, эмгек, миграция – бул ар бири өзүнчө чоң тармак. Өтө маанилүү болгону менен, мыйзамдык жактан да абдан чаржайыт. Кодекстеги мыйзамдык маселелер токтомдорго карама-каршы келген учурлар бар. 2012-жылдагы эски токтомдор турат, аларды карап, инвентаризация жасаңыз. Мисалы, Улуттук илимдер академиясынын профессорлорунун эмгек өргүүсүнө чыгуусу Эмгек кодексинде башка, ал эми токтомдордо башка көрсөтүлүп калган», – деди ал.

Депутат учурда өлкөдө өндүрүш күч алып жатканын эске салып, ага ылайык, мурдагыдай эле эмгекке байланышкан маселелер кылдат каралышы керектигин кошумчалады.

«Муну мурда да айткам, былк этпей эле турат. Эмгек тармагын жакшылап карашыбыз керек. Азыр муну жакшы билген адис калбады. Мурда министрликте, өкмөттө эмгек маселесин жакшы билген күчтүү адистер бар болчу, баары кетип калышты. Эми жаңы кадрларды даярдайсыз го деп ойлойм», – деди Талиева.