Сүрөт ачык булактардан алынды
9 сентябрь
Алмамбет Шыкмаматов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Шыкмаматов Алмамбет Насырканович III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.
