Эгенбердиева айылдагы келиндер туш болгон кыйынчылык тууралуу: Таңкы 4–5те келип, кезекке турууга аргасыз
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Эгенбердиева жаңы дайындалган эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиевге кайрылды.
Ал жөлөк пул жана миграция боюнча каттоо функциясы айыл өкмөттөрүнөн алынып, райондук деңгээлге өткөрүлүп берилгени элге бир топ кыйынчылык жаратып жатканын билдирди.
«Мурда Кыргызстанда жөлөк пул менен миграцияны айыл өкмөттөрү каттоого алчу. Азыр муну райондук администрация аткарат. Район борборунан алыс жайгашкан айылдарда жашаган келиндерге бул бир топ оорчулук жаратууда. Алар таңкы саат 4–5те туруп келип, кезек күтүүгө аргасыз. Кезеги жетпей калса, мейманканага түнөөгө туура келет. Өзү 1500 сом жөлөк пул алса, анысы жол киреге жана мейманканага эле кетип калат», – деди депутат.
Ал бул функцияны кайрадан айыл өкмөттөрүнө кайтарып берүүнү сунуштады.
Ошондой эле депутаттын айтымында, күйөөсү тышкы миграцияда жүргөн аялдар жөлөк пул алуу үчүн ар эки ай сайын каттоодон өтүп турушу керек.
Эгенбердиева балдар үйүнүн тарбиялануучуларына байланыштуу маселени да көтөрдү.
«Жетим балдар 16 жашка чыккандан кийин балдар үйүнөн кетишет да, көчөдө калышат. Буга чейин прокуратурага кайрылганымда, 23 жашка чейинки жетим балдардын 80 пайызына гана жер тилкелери берилерин айтышкан. Бирок анын канчасы берилгени белгисиз. Бул балдарды мамлекет карабаса, эч ким карабайт. Турак жай кодексинин эки беренесинде балдар үйүнүн тарбиялануучуларына же жер тилкеси, же ипотека берилиши керектиги белгиленген», – деди депутат.
Ал бул маселени министрдин жеке көзөмөлүнө алуусун суранды.
