Садыр Жапаров 66 адамга мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдарды тапшырды
9 сентябрь

Садыр Жапаров 66 адамга мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Мамлекеттик сыйлыктарга маданият, билим берүү, медицина, мамлекеттик кызмат, бизнес, күч түзүмдөрү жана башка тармактардын өкүлдөрү татыды.

Сыйлоо аземи Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулду.

Атап айтканда, беш адамга «Эмгек Баатыры» өзгөчө даражасы ыйгарылып, жети адам III даражадагы «Манас» ордени, эки адам «Эрдик» ордени, алты адам «Даңк» ордени, бир адам «Достук» ордени менен сыйланды.

Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын эл мугалими», «Кыргыз Республикасынын эл дарыгери», «Кыргыз Республикасынын эл артисти», «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу», «Кыргыз Республикасынын эл акыны», «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү», «Кыргыз Республикасынын жаратуучусу» жана «Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардак наамдары ыйгарылды.

Мындан тышкары, дагы 30 адам «Ардак» медалы менен сыйланды.