Садыр Жапаров: Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабына чыкты
Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабына чыкты. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров 9-сентябрда Жогорку Кенештин трибунасынан билдирди.
Анын пикирине караганда, мамлекеттин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, коомдогу туруктуулук жана жарандарыбыздын жашоо сапаты көп жагынан мыйзам чыгаруу бийлигинин натыйжалуу ишине байланыштуу болот.
"Экономикабыз өсүп, ондогон ири инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашырылып, жаңы жолдор, мектептер, социалдык объектилер курулуп жатат.
Өндүрүштү, энергетиканы, айыл чарбасын, транспортту жана логистиканы өнүктүрүүгө, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган системалуу иштер тынымсыз жүрүүдө. Биздин алдыбызда мындан да чоң максаттар турат.
Кыргызстанды күчтүү экономикасы бар, заманбап инфратүзүмү өнүккөн, жарандарына сапаттуу билим алууга, эмгектенүүгө, ишкердик жүргүзүүгө жана татыктуу жашоого кеңири мүмкүнчүлүк түзгөн мамлекетке айландыруу – ар бирибиздин ыйык жана жалпы милдетибиз", - деди ал.
