Кыргызстанда 521 социалдык-маданий объект курулууда
Кыргызстанда учурда социалдык-маданий багыттагы 521 объекттин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Мирлан Бузурманкулов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө социалдык объектилердин курулушунун көлөмү кыйла өстү.
Анын ичинде мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, спорттук жана маданий объектилер, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо объектилери курулууда.
Бузурманкуловдун белгилешинче, курулуш иштери ири шаарлар менен гана чектелбестен, өлкөнүн аймактарында да жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурулуп жатканы айтылды. Курулушка тиешелүү бөлүмдөр, анын ичинде архитектуралык-курулуш көзөмөл органдары тарабынан көзөмөл жүргүзүлөт.
Ведомствонун өкүлү курулуш материалдары жана аткарылган иштер тиешелүү текшерүүдөн өтүшү керектигин белгиледи.
