Садыр Жапаров балдарын саясатка аралаштырбай тургандыгын айтты
Президент Садыр Жапаров соцтармактарда кызы Жанайымдын "Алтын балалык" борборунда балдарга белек таратып жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берип, бул эч кандай пиар дагы эмес, саясатка аралаштыруу дагы эместигин айтты.
Президент мамлекеттик "Кабар" агенттигине берген кыскача маегинде балдарын жана жакындарын саясатка жана мамлекеттик иштерге аралаштырбай тургандыгын билдирди.
"Ондогон жыл курулушу бүтпөй турган “Алтын балалык” балдарды реабилитациялоо борбору менин тапшырмам менен курулуп бүткөн. Аймактардагы балдарыбыз, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн аз да болсо жайкы эс алуу уюштуруп, жакшы эмоцияларды тартуулайлы деген максатта 3 жыл мурда курулушун аягына чыгартып, керектүү эмерек-жабдыктарын алып бергенбиз.
Жыл сайын бул жакка өлкөбүздүн булуң-бурчунан балдар келип эс алып, бири-бири менен достошуп, дем алып кетишет. Анан жыл сайын эле Айгүл “балдардын көңүлү көтөрүлүп калсын” деп белек-бечкектерди тапшырып келет.
Бул жолу да бармак. Бирок, кудалар чакырып калып Айгүл экөөбүз ал жакка кеткенбиз. Анан “Атайын жекшембиге пландалган иш-чара, балдар күтүп калышты. Томсоруп калышпасын, сен барып тапшырып коё берчи” деп кызыбызды жөнөтүп коюптур. Жанайым балдар үчүн белекке делген шорта, футболкаларды таратышып коюп эле кете берген", – деди ал.
