Кыргызстанда жабыркаган ар бир төртүнчү бала сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгон
2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда кылмыштуу аракеттерден 487 жашы жете элек бала жабыркаган. Бул тууралуу расмий статистикалык маалыматтарда айтылат.
Маалыматка ылайык, балдардын 13,3%ы 16 жашка чыга элек өспүрүмдөргө карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү аракеттердин курмандыгы болгон. Дагы 11,3%ы зордуктоо фактыларынан жабыркаган. Жалпысынан бул көрсөткүч 24,6%ды түзүп, дээрлик ар бир төртүнчү жабыркаган балага туура келет.
Мындан тышкары, жашы жете электер арасында уурулук фактылары 19,7%, алдамчылык 5,3%ды түзгөн. Кылмыштардын кесепетинен 19 бала каза болуп, 110у ар кандай жаракаттарды алган.
Балдарга каршы эң көп кылмыш фактылары Бишкек шаарында (27,9%), Жалал-Абад облусунда (18,3%), Ош шаарында (13,1%), Чүй облусунда (11,3%) жана Ысык-Көл облусунда (10,9%) катталган.
