Бишкекте тергөөчүгө ишти жаап коюу үчүн 134 миң сом пара сунушташкан
31 июль

Бишкекте тергөөчүгө ишти жаап коюу үчүн 134 миң сом пара сунушташкан

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин жана Кыргыз Республиканын ИИМдин Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө кызматы кызматкерлери тарабынан пара берүүгө шектүү жаранды кармашты.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин жетекчилигине билдирме менен Свердлов РИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү кайрылган. Анда, 1990-жылы туулган О.А., жарандын үстүнөн жүргүзүп жаткан козголгон кылмыш ишин бурмалап, кылмыш жоопкерчиликтен бошотуп берүү максатында, пара сунуштаган.

Пара сунуштоо фактысы менен 2025-жылдын 9-июнь күнү Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 345 -беренесине (Пара берүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

2025-жылдын 30-июль күнү Свердлов РИИБдин, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, анын жүрүшүндө 1990-жылы туулган О.А., аттуу жаран Бишкек шаарынын Тергөө кызматынын бөлүмүнүн иш бөлмөсүндө 134 миң акча берип жаткан жеринен кармалып, Кыргыз Республикасын КЖПКнын 96-беренесине ылайык О.А., аттуу жаран БШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.