Баткен облусунда жалпы 146 чакырым жолго асфальт төшөө иштери жүрүүдө
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев Баткен району жана Баткен шаарынын аймагында жүрүп жаткан жол куруу жана оңдоо иштеринен кабар алды.
Бул жол курулуштары республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан курулууда.
Иш сапардын жүрүшүндө Бактыбек Токсонбаев жолдордун курулушунун сапатына, жумуштардын өз убагында аткарылышына жана белгиленген долбоордук талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурду.
Учурда Баткен району жана Баткен шаарынын аймагындагы бир катар маанилүү жолдордо курулуш жана асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
Атап айтканда:
• Баткен–Жаңы-Баткен автожолунун 4,5 чакырым тилкесинде жаңыдан 4 тилкелүү жол куруу иштери жүрүүдө;
• Туура-Таш–РПУ жолунун 1,3 чакырым бөлүгүндө асфальт төшөө иштери аткарылууда. Долбоордун сметалык баасы 13 млн 100 миң сомду түзөт;
• Бужум–Баткен–Кызыл-Бел жолунун 0–5 чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады. Сметалык баасы 36 млн сом;
• Айгүл-Таш–Согмент–Таян жолунун 5 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Сметалык баасы 39 млн 800 миң сом;
• Таян–Кан–Зардалы жолунун 4,7 чакырым тилкесине асфальт төшөө иштери аткарылды. Сметалык баасы 36 млн сом;
• Кара-Бак–Чет-Кызыл-Бай–Кара-Бак жолунун 4,7 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Сметалык баасы 36 млн сом;
• Рават айылына кирүүчү жолдун 1 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Сметалык баасы 7 млн 200 миң сом.
Жалпысынан Баткен облусунун аймагында быйыл 146 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Бул иштерди ишке ашырууга 1 млрд 241 млн сом каралган.
Мындан сырткары, Баткен районунда ири жол курулуштары Сары-Талаа-Кызыл-Таш- Зардалы жана Миң-Өрүк–Самаркандек жолдорунун курулуш иштери өз нугунда жүрүп жатат.
