ЖАМКтын №27 мекемесинде соттолгондор ак калпактарды тигип жатышат
видеодон алынган кадр
13 июль

ЖАМКтын №27 мекемесинде соттолгондор ак калпактарды тигип жатышат

Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесинде соттолгондор кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон ак калпакты даярдоо менен салттуу кийиз кол өнөрчүлүгүн өздөштүрүп жатышат.

Аталган мамлекеттик кызматтан кабарлашкандай, ак калпакты даярдоо бир нече этаптан турат. Алардын катарына бычуу, тигүү, сайма түшүрүү жана даяр буюмду акыркы ирет жасалгалоо кирет. Бул процессте соттолгондор кийиз менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуу менен бирге улуттук каада-салттарды, маданий мурастарды сактоого жана улантууга өз салымдарын кошушууда.

2026-жылдын башынан тарта №27 мекемеде бул багыттагы өндүрүшкө 15ке жакын соттолгон тартылган. Эмгек ишмердүүлүгүнө катышуу аларга кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө, эмгек тартибин бекемдөөгө жана эмгек акы алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Мындан тышкары, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын беш мекемесинде тигүү өндүрүшү уюштурулуп, анда 800дөн ашуун соттолгон эмгектенет. Жалпысынан ЖАМКнын мекемелеринде 36 өндүрүштүк участок иш алып барып, анда 2500гө жакын соттолгон эмгек менен камсыз болгон.

Өндүрүштүк ишмердүүлүктү өнүктүрүү Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Жаңы өндүрүштүк участокторду түзүү жана эмгек аркылуу тарбиялоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү соттолгондордун кайра социалдашуу процессине оң таасирин тийгизип, алардын кесиптик жөндөмдөрүн калыптандырууга жана боштондукка чыккандан кийин коомго ийгиликтүү аралашуусуна өбөлгө түзөт.

Ошондой эле эмгек менен камсыз болуу соттолгондорго үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүүгө жана сот чечимдеринин негизинде жүктөлгөн финансылык милдеттенмелерин, анын ичинде доо-арыздар боюнча карыздарын төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.