Бишкекте токтоп турган унаанын дөңгөлөгүн жарып кеткен кыз кармалды
Бишкекте токтоп турган унаанын дөңгөлөгүн жарып кеткен кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Окуянын видеосу 2026-жылдын 8-сентябрында социалдык тармактарга жарыяланган.
Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын МЭЖге катталган.
Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө окуяга тиешеси бар жарандын өздүгү аныкталды. Ал 1997-жылы туулган Н.Ж. аттуу жаран болуп чыкты.
Аталган факты боюнча Н.Ж. аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлдү. Топтолгон материалдар мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөтүлөт.
Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, башка адамдардын укуктарын жана мүлкүн урматтоого чакырат. Бөтөн мүлккө атайылап зыян келтирүү сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге жол берилбейт жана мындай аракеттер мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.
Милиция жарандарды ар кандай талаш-тартыштарды мыйзам чегинде чечүүгө, өз алдынча аракеттерге жана укукка каршы аракеттерге жол бербөөгө чакырат.
