Койлуу-Тоо тоолорунда күчү 3,4 баллга же жеткен жер титирөө катталды
сүрөт: depositphotos.com
17 август

Койлуу-Тоо тоолорунда күчү 3,4 баллга же жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда 15-августта магнитудасы 3,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Май-Саз айылынан 17 чакырым алыстыкта, Койлуу-Тоо тоолорунда жайгашкан.

Кыргызстанда 15-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:28де магнитудасы 3,4 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Институттун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогунда жер алдындагы силкинүүнүн күчү MSK-64 12 баллдык шкала боюнча болжол менен 3 баллды түзгөн.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагындагы Койлуу-Тоо тоолорунда, Май-Саз айылынан болжол менен 17 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Май-Саз айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллды түзгөн.