Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар бузулууда
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында Шакиров көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштар аныкталган.
Учурда ресторандар жана коммерциялык объектилер жол тарапка мыйзамсыз чыгып кеткен бөлүктөрүн өз ыктыяры менен демонтаждап жатышат. Объект ээлерине тиешелүү эскертүүлөр берилген.
Иш-чаралар шаардын архитектуралык көрүнүшүн сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
