видеодон алынган кадр
13 июль
Манаста массалык мушташ катталып, шектүүлөр кармалды
Манас шаарында массалык мушташ катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.
Окуя 13-июлга караган түнү шаардагы эс алуу жайлардын биринин алдында орун алган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 2002-жылы туулган К.Н. жана 2004-жылы туулган Б.Ч. аттуу жарандар шектүү катары кармалды.
Шектүүлөр Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96–97-беренелеринин негизинде Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары улантылып, окуяга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
