Бишкекте саламаттык сактоо тармагындагы юбилейлик эл аралык MedExpo Kyrgyzstan 2026 көргөзмөсү ачылды
31 март

Бишкекте саламаттык сактоо тармагындагы юбилейлик эл аралык MedExpo Kyrgyzstan 2026 көргөзмөсү ачылды

Бишкекте бүгүн, 31-мартта саламаттык сактоо тармагындагы 20-жолу өткөрүлүп жаткан юбилейлик эл аралык адистештирилген MedExpo Kyrgyzstan 2026 көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. 

Ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышты.

Көргөзмө 31-марттан 2-апрелге чейин КМДТжСАнын манежинин аянтчасында өтүп, Беларусь, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Латвия, Пакистан, Польша, Россия, Өзбекстан жана Түштүк Кореяны кошкондо 10 өлкөдөн 90дон ашуун компанияны бириктирет.

MedExpo Kyrgyzstan 2026 саламаттык сактоо тармагындагы негизги кесиптик аянтчалардын бири болуп саналат. Ал мамлекеттик түзүмдөрдүн, медициналык коомчулуктун жана бизнестин өз ара аракеттенүүсүн камсыздап, заманбап технологияларды жана чечимдерди медициналык практикага киргизүүгө өбөлгө түзөт.

Ачылыштагы сүйлөгөн сөзүндө министр көргөзмө уюшулгандан бери тажрыйба алмашуу, инновациялык иштеп чыгууларды көрсөтүү жана кесиптик диалогду өнүктүрүү үчүн натыйжалуу платформа катары калыптанганын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө саламаттык сактоону өнүктүрүү заманбап технологияларды киргизүү, медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен түздөн-түз байланыштуу. MedExpo сыяктуу аянтчалар тажрыйба алмашуу жана алдыңкы чечимдерди практикага киргизүү аркылуу бул процессти тездетүүгө мүмкүндүк берет», — деп белгиледи Дамир Осмонов.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө медициналык жабдуулар, лабораториялык диагностика, фармацевтикалык продукциялар, медициналык багыттагы буюмдар, реабилитация жана физиотерапия үчүн чечимдер, ошондой эле саламаттык сактоодогу санариптик жана IT-технологиялар сунушталууда.

Чет өлкөлөрдүн улуттук экспозицияларына өзгөчө көңүл бурулуп, бул эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тажрыйба алмашууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Ошондой эле MedExpo Kyrgyzstan 2026 алкагында эл аралык эксперттердин катышуусунда ишкердик программа өтүп, анда медициналык уюмдарды башкаруу, санариптештирүү жана заманбап ыкмаларды киргизүү маселелери талкууланууда.

Көргөзмөнү өткөрүү саламаттык сактоо системасын модернизациялоону колдоого, медициналык технологиялар рыногун өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.