Эми жалпы жарандык паспортту «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн алууга болот
Сүрөт ачык булактардан алынды
17 август

Эми жалпы жарандык паспортту «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн алууга болот

Эми кыргызстандыктар жалпы жарандык паспортту «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн ала алышат. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен кабарлашты. 

Бул кызмат 2017 же 2024-жылдагы үлгүдөгү ID-картасы бар Кыргызстандын жарандарына жеткиликтүү.

Арыз тапшыруу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • ID-карта;
  • булуттагы электрондук санариптик кол тамга.

Ошондой эле тиркеме аркылуу чет өлкөгө чыгуучу паспортту төмөнкү учурларда алмаштырууга болот:

  • бузулган учурда;
  • жоголгон учурда;
  • жарактуулук мөөнөтү бүткөндө;
  • жеке маалыматтар өзгөргөндө.