Бишкекте жаңыланган Ала-Тоо аянтынын расмий ачылды
21 сентябрь

Бишкекте жаңыланган Ала-Тоо аянтынын расмий ачылды

Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянты одоп-түзөө иштеринен кийин расмий ачылды. Салтанаттуу иш-чара бүгүн, 21-сентябрда калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өттү. 

Реконструкциялоо иштеринин алкагында аянтта жаңы фонтандар, анын ичинде беш шаркыратма орнотулган.

Эски таш плиталар алмаштырылып, тепкичтин кызыл гранити реконструкцияланган. Калыңдыгы 5 сантиметрге чейин бөлүнүп, тегизделип, гранит плиталары төшөлдү. 

Бүгүнкү күндө 16 459,59 м² гранит плита төшөлгөн. 

Кыргызстанда биринчи жолу бий жана жалындуу фонтандар пайда болду. 

Андан тышкары, Түркиянын эң ири заводдордун биринде жасалып, атайын жабдыктардын жардамы менен алынып келинген бийиктиги 100 метр болгон жаңы флагштоктун тетиктери орнотулуп, желек илинген. 

Белгилей кетсек, Ала-Тоо аянты Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. 

Ала-Тоо аянты 1984-жылы Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата курулган.