Сүрөт ачык булактардан алынды
9 сентябрь
Нарын облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Нарын облусунда жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөө бүгүн, 9-сентябрда саат 11:54тө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн очогу Ак-Бейит айылынан 11 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 40 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Ак-Бейит жана Орто-Сырт айылдарында 2 балл сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
