“Кыргызстан аэропорттору” АККнын Жарандык коргонуу абалын баалоо башталды
6 август

“Кыргызстан аэропорттору” АККнын Жарандык коргонуу абалын баалоо башталды

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмазбек Асановдун жетекчилигинде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун Жарандык коргонуу абалын баалоо башталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө аэропорттун ири авариялар, өрт, кыйроо жана башка ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы, кырсык болгон учурда башка мамлекеттик органдар жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүнүсү, эвакуациялык чыгуулардын камсыз болуусу, өздүк курамга кабарлоо жана чогултуу тартиби, кызматкерлердин практикалык иш аракеттери текшерилип, усулдук көрсөтмөлөр берилүүдө.

Баалоонун негизги максаты - жарандык коргонуу боюнча даярдыктын деңгээлин аныктоо, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана азайтуу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда кызматкерлердин ыкчам жана координацияланган аракеттерин камсыз кылуу болуп саналат.

Жыйынтыгында аэропорттун жетекчилигинин жана атайын комиссиянын катышуусунда жыйын өткөрүлүп, орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү иш аракеттер көлүлөт. Жарандык коргонууну уюштуруу жана алып баруу боюнча иштелип чыккан жетектөөчү иш-кагаздарынын, пландарын жана алардын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулат.