Ош шаарындагы коомдук транспорттун айрым каттамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
Ош шаарында бир катар каттамдардын багыттары кайра каралды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Башкы максат коомдук транспорттун ишин жакшыртуу, шаар тургундарынын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
Ош шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында №1 жана №2 жаңы айланма муниципалдык автобус каттамдарын ишке киргизүү, ошондой эле бир катар муниципалдык автобустар менен кичи автобустук каттамдардын багыттарына өзгөртүү киргизүү чечими кабыл алынды.
Жаңы муниципалдык автобус каттамдары.
№1 каттам:
Т. Касымбеков көчөсү (Калкты тейлөө борбору) – Б. Осмонов – Жаңы базар – Ак-Тилек айланмасы – А. Мамыров – Амир-Тимур – Г. Айтиев – Курманжан датка – Р. Абдыкадыров – А. Масалиев – И. Раззаков – У. Салиева – Т. Касымбеков көчөсү.
№2 каттам:
Жаңы базар – Ак-Тилек айланмасы – Т. Сатиев – М. Ишматов – М. Куренкеев – Ж. Мамытов – С. Бахапова – Н. Исанов – А. Шакиров – А. Масалиев – Р. Абдыкадыров – Алымбек датка – А. Навои – Г. Айтиев – Жаңы базар.
Муниципалдык автобустар.
№10: акыркы аялдама №177 көчөдөн А. Орозбеков көчөсүндөгү мечиттин алдына жылдырылат.
№24: Төлөйкөн айылы (Эдельвейс конушу) – Н. Сайдиев – Ж. Мамытов – Алымбек датка – Шаардык төрөт үйү – А. Сүйүнбаев – Курманжан датка – М. Аматов – Алымбек датка – Р. Абдыкадыров – А. Масалиев – А. Навои – Г. Айтиев – Б. Осмонов – Жаңы базар. Кайтарым багыты да өзгөртүлдү.
Кичи автобустук каттамдар.
№101: №6 эмкана – А. Латибжанов – М. Ишматов – М. Куренкеев – Р. Юнусов – Ю. Төлөнов – Т. Атабаев – Т. Давлянов – Санкт-Петербург – А. Мамыров – Б. Осмонов – Жаңы базар – С. Жусуев – Достук бажы бекети – 85-көчө – Шавкат спорт комплекси.
№102: Абакир уулу Төрөбек – Н. Исанов – А. Шакиров – А. Масалиев – Р. Абдыкадыров – Алымбек датка – А. Навои – А. Масалиев – И. Раззаков – Авиценна көчөсү. Кайтарым багыты өзгөртүлдү.
№107: Мөөнөк айылы – Алим-Төбө – Жетиген атындагы орто мектеп – Жийделик айылы – Ош көчөсү – Тилеке баатыр – Ы. Монуев – Маруфий – №10 көчө.
№108: Нариман мечити – Т. Сулайманов – «Авангард Мед» – И. Раззаков – А. Масалиев – Ж. Раимбеков – Тилеке баатыр – Ы. Монуев – Р. Абдыкадыров – Алымбек датка – А. Навои – Г. Айтиев – «Энесай» ресторанынын айланмасы – Жаңы базар. Кайтарым багыты өзгөртүлдү.
№120: Каратай айылы – Баш-Булак – Мады – Памир тракты – Ы. Монуев – Тилеке баатыр – Ж. Раимбеков – А. Масалиев – И. Раззаков – Т. Касымбеков – Б. Юлдашев – Г. Кыргызбаев – ВЛКСМ айылы. Кайтарым багыты да өзгөртүлдү.
№131: Нариман айылы – Т. Сулайманов – Б. Юлдашев – Т. Касымбеков – Достук айланмасы – Б. Осмонов – Жаңы базар. Кайтарым багыты ошол эле жол менен.
№133: Керме-Тоо айылы – Көкүмбий – Б. Осмонов – Жаңы базар – Ак-Тилек айланмасы – А. Мамыров – Э. Алиев – М. Али Джиннах – Курманжан датка – А. Сүйүнбаев – Алымбек датка – Шаардык төрөт үйү – С. Бахапова – Н. Исанов (ОшТУ). Кайтарым багыты ошол эле жол менен.
№135: Төлөйкөн айылы (Б. Базаров көчөсү) – М. Ишматов – А. Төлөнов – Р. Юнусов – Алымбек датка – А. Сүйүнбаев – Курманжан датка – М. Аматов – Алымбек датка – А. Навои – А. Масалиев – А. Артыков – Т. Турсунбаева (Темир жол вокзалы). Кайтарым багыты өзгөртүлдү.
№141: Ю. Куцемелов – С. Айни – Т. Жумабаев – А. Шакиров – А. Алимжанов – А. Навои – Г. Айтиев – Б. Осмонов – Жаңы базар. Кайтарым багыты өзгөртүлдү.
№146: Рудаки атындагы орто мектеп – Т. Атабаев – А. Мамыров – Б. Осмонов – Ак-Тилек конушу – А. Кунанбаев – К. Тимирязов – Э. Касымалиев – Х. Салиев – И. Саидов – Г. Айтиев – Курманжан датка – М. Али Джиннах – Алымбек датка – С. Бахапова – Н. Исанов. Кайтарым багыты өзгөртүлдү.
№150: Кенжекул айылы – Кызыл-Мээнет – Кашкар-Кыштак – Пахтазавод – Нариман – И. Раззаков – А. Масалиев – Ж. Раимбеков – Тилеке баатыр – Ы. Монуев – Памир тракты – Фуркат айланмасы – А. Насирдинов – Ош-Өзгөн жолу (Т-образка). Кайтарым багыты өзгөртүлдү.
№151: Кызыл-Мээнет – Кашкар-Кыштак – Нариман – И. Раззаков – Т. Касымбеков – Достук айланмасы – Б. Осмонов – Жаңы базар. Кайтарым багыты өзгөртүлдү.
№109 кичи автобустук каттамынын багыты Ош көчөсүндөгү жолду реконструкциялоо иштери толук аяктагандан кийин кайра каралат. Ал учурда Өзгүр айылы – Н. Исанов – А. Шакиров – Нурматов – Тилеке баатыр – Ж. Раимбеков айланма жолу – Ош көчөсү – Жийделик айылы – Т. Касымбеков – Б. Осмонов – Жаңы базар багыты сунушталууда.
Айрым каттамдардын жаңы багыттары шаардагы жол куруу жана реконструкциялоо иштерине байланыштуу азырынча ишке киргизилбейт. Жолдор толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилгенден кийин каттамдар жаңы бекитилген багыттар боюнча жүрө баштайт.
Ага чейин коомдук транспорт мурдагы кыймыл чиймелери боюнча каттайт.
Ал эми жаңы №1 жана №2 муниципалдык айланма автобустар Ош шаарына жаңы автобустар келгенден кийин ишке киргизилет.
Ош шаарынын мэриясы коомдук транспорттун сапатын жогорулатуу жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди улантат.
