Жолдогу коопсуздук — жөнөкөй эрежелерди сактоодон башталат. Инспекторлор түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү
видеодон алынган кадр
17 август

Жолдогу коопсуздук — жөнөкөй эрежелерди сактоодон башталат. Инспекторлор түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) кызматкерлери профилактикалык иштердин алкагында Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жана Чалдовар айылында айдоочулар менен жолугушууларды өткөрүштү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, жолугушууларда кызматкерлер айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, ылдамдык режимин көзөмөлдөө, рулда этият болуу жана жол кыймылынын бардык катышуучуларына жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарылдыгын эскертишти.

Ошондой эле жол-транспорт кырсыктарынын алдын алууга жана жолдогу жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Айдоочулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында аларга жол кыймылынын эрежелери боюнча китептер жана маалыматтык буклеттер таратылып, коопсуз айдоо боюнча пайдалуу сунуштар берилди.

ЖКККББ тарабынан өлкөнүн аймактарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган профилактикалык иштер улантылууда.

Жолдогу коопсуздук — жөнөкөй эрежелерди сактоодон башталат. Ар бир айдоочунун жоопкерчилиги — адам өмүрүн жана ден соолугун сактоонун негизги кепилдиги.