Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука – Чаткал жолундагы көпүрөнү калыбына келтирүү иштери башталды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
9 сентябрь

Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука – Чаткал жолундагы көпүрөнү калыбына келтирүү иштери башталды

Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука – Чаткал автоунаа жолунун 14-чакырымындагы селден жабыркаган көпүрөнү калыбына келтирүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 22-майында жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Балпан-Сай сайындагы көпүрөнү сел суулары агызып, толугу менен жараксыз абалга келтирген.

Көпүрөнүн бузулушуна байланыштуу Таш-Көмүр шаарынын аймагында “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, транспорттук каттамды үзгүлтүккө учуратпоо үчүн убактылуу айланма жол уюштурулган.

Буга чейин көпүрөнү калыбына келтирүү боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалды. Учурда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте көпүрөдө алгачкы курулуш-монтаждоо иштери башталды.