Ош шаарында дагы бир жаңы эс алуу багы түптөлөт
31 июль

Ош шаарында дагы бир жаңы эс алуу багы түптөлөт

Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүндө жаңы эс алуу багы түптөлөт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Билдирүүгө караганда, мэр Жеңишбек Токторбаевдин таңкы рейддик кыдыруусунда Касымбеков көчөсүн бойлой аккан “Жекелик” каналынын корук аймагына жана жашыл аймак курулуп калган курулуштарды алып салуу боюнча эскертүүлөр бериле баштады.

Курулуштар алынып салынып, каналдын жээги жана жашыл аймак бошотулуп, ордуна Раззаков көчөсүнөн баштап эс алуу багын куруу үчүн долбоору даярдалууда.

Азыркы тапта жеринде архитектура, муниципалдык менчик башкармалыгы тиешелүү жумуштарды алып барышууда.