Кара-Сууда мал уурдоого шектелип үч жаш жигит кармалды
Ош ОИИБ
31 март

Кара-Сууда мал уурдоого шектелип үч жаш жигит кармалды

Кара-Сууда мал уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 22-мартта райондук милицияга арыз түшкөн. Анда белгисиз жарандар тарабынан мал уурдалгандыгы тууралуу айтылган. 

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-1 -беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган К.М., 2008-жылы туулган К.А. жана 2006-жылы туулган Т.у.А. аттуу жарандар кармалып, камакка алынды.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн башка мал уурдаган фактылары аныкталды. Алынган маалымат боюнча, дагы башка 16 кой, 2 бодо мал уурдашкан.

Жабырлануучуларга келтирилген болжолдуу чыгым 820 миң сомду түзүп, анын 200 миң сому кайтарылды. Учурда тергөө амалдары уланууда.