Кыргызстанда аномалдуу ысыкка байланыштуу жумуш күнүн кыскартуу каралганбы?
Кыргызстандын колдонуудагы Эмгек кодексинде абанын аномалдуу жогорку температурасына байланыштуу жумуш күнүнүн узактыгын милдеттүү түрдө кыскартуу каралган эмес. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен кабарлашты.
Ошол эле учурда мыйзамдарга ылайык, иш берүүчүлөр кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү.
Министрлик эмгекти коргоо боюнча талаптарды сактоо ар бир иш берүүчүнүн милдети экенин жана ал кызматкерлердин өмүрүн, ден соолугун жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталганын эскертет.
Эске сала кетсек, Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына таянсак, 14-18-июль күндөрү Кыргызстандын аймагында аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт.
Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°ка чейин, 16-18-июлдарда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде 41…43° жогорулашы күтүлөт.
Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
