Жогорку Кеңеште өкмөттүн бир катар мүчөлөрү ант беришти
Бүгүн, 9-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрү ант беришти. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.
Алсак, төмөнкү жаңы дайындалган жетекчилер ант беришти:
- Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев;
- Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев;
- Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри Алмаз Айылчиев;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Максат Асаналиев.
Андан соң Өлкө башчысы сөз сүйлөп, Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясына ийгиликтерди каалоо менен өлкөдөгү жетишкендиктерге жана уюштурулган соңку иш-чараларга токтолду.
Муну менен катар мамлекеттин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, коомдогу туруктуулук мыйзам чыгаруу бийлигинин натыйжалуу ишине байланыштуу экенин белгилеген Садыр Жапаров: “Президент, Жогорку Кеңеш жана Министрлер Кабинети мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу менен иш алып барганда гана мамлекет алдыга жылат”, – деди.
