Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Кыргызстандын жарандарына кайрылуу жасады
президенттин администрациясы
9 сентябрь

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Кыргызстандын жарандарына кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынына катышты.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчысынын жана парламент депутаттарынын алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөнкү жаңы мүчөлөрү ант беришти:

- Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов;

- эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев;

- финансы министри Руслан Сүйүналиев;

- юстиция министри Алмаз Айылчиев;

- энергетика министри Алтынбек Рысбеков;

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Максат Асаналиев.

Ант берүү аземинен кийин Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына жана өлкө жарандарына кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө мыйзам чыгаруу бийлигинин маанилүү ролун белгилеп, анын натыйжалуу иштешинен өлкөнүн өнүгүүсү, экономиканын өсүшү, коомдогу туруктуулук жана жарандардын жашоо сапаты көп жагынан көз каранды экенин баса белгиледи.

“Кыргызстанды күчтүү экономикасы бар, заманбап инфратүзүмү өнүккөн, жарандарына сапаттуу билим алууга, эмгектенүүгө, ишкердик жүргүзүүгө жана татыктуу жашоого кеңири мүмкүнчүлүк түзгөн мамлекетке айландыруу – ар бирибиздин ыйык жана жалпы милдетибиз”, - деди Президент.

Садыр Жапаров белгилегендей, Президент, Жогорку Кеңеш жана Министрлер Кабинети мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу менен иш алып барганда гана мамлекет алдыга жылат.

Мамлекет башчысы парламент менен аткаруу бийлигинин ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөө зарылдыгын баса көрсөттү.

“Ошол эле учурда бийлик бутактарынын ортосунда пикирлердин айырмачылыгы болушу табигый көрүнүш. Талаш-тартыштар да болушу мүмкүн. Бирок кандай гана маселе болбосун, анын өзөгүндө мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин жыргалчылыгы турушу керек!

Элибиз бизден куру убадаларды эмес, натыйжаларды; талаш-тартыштарды эмес, туура чечимдерди; бири-бирин айыптоону эмес, жоопкерчиликтүү ишти күтөт”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Андан ары Мамлекет башчысы экономикалык өсүштүн жана ири эл аралык иш-чаралардын өткөрүлүшүнүн фонунда өлкөнүн эл аралык позицияларынын бекемделгенин айтып, жетишилген өнүгүү темптерин жана ырааттуу багытты сактап калуунун зарылдыгына токтолду.

“Албетте, бул иштер “бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгарган биримдигибиз болгондо гана ишке ашат”, - деп өзгөчө белгиледи Президент.

Муну менен катар Президент Садыр Жапаров бардык кыргызстандыктарга кайрылып: “Биздин эң чоң байлыгыбыз – өлкөбүздөгү тынчтык, элибиздин ынтымагы жана мамлекетибиздин туруктуулугу”, - деди.

Ошондой эле Мамлекет башчысы коомдо ар дайым талкуулоону талап кылган маселелер болорун, бирок пикир келишпестикти кастыкка, талкууну тирешүүгө, ар түрдүү маселелерди коомду бөлүп-жаруучу куралга айлантууга эч кимдин укугу жок экенин кошумчалады.

“Айрыкча коомдук таасири бар адамдар, мамлекеттик жана саясий ишмерлер, айрым депутаттар, эксперттер, коомдук лидерлер, журналисттер жана блогерлер ар бир айтылган сөздүн артында, коом алдындагы жоопкерчилик турарын унутпаш керек!

Элдин сезимине тийген маселелерди атайылап курчутуп, коомдун бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнө тукуруу аркылуу саясий упай топтоого жол бербешибиз керек!”, - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы коомдогу кемчиликтерди издөө жана коомду бөлүп-жарууга багытталган чагымчыл жана ак ниетсиз ой-пикирлерге алдырбоого чакырды.

“Популисттик, демогогдук пикир калтыруу менен өзүнө дагы, элге дагы, Мекенге дагы эч кандай пайда келбестигин акыры түшүнүшү керек!

Мамлекеттик кызматтарда коррупциялык көрүнүштөр болсо, далилденген, негизделген фактылар менен элдин алдына алып чыксаңыздар, албетте, мага эң чоң жардам берген болосуздар. Мен сиздер тарапта болом. Сиздерди колдойм”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, Президент жалган маалымат тараткан, адамдарды адаштырган жана өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген адамдарга карата мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн айтты.

“Коомдук пикирди жаратуучу топтордун баары биригип, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда жаратман демилгелерди, жасалып жаткан жакшы иштерди баарыбыз жапырт колдоого алалы!”, - деп чакырды Садыр Жапаров.

Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров эл өкүлдөрүнө жаңы сессияда ийгиликтүү жана жемиштүү иш алып барууну каалады.