«Бала ырысы»: жөлөкпул алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды
9 сентябрь

«Бала ырысы»: жөлөкпул алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Бишкек, 2026-жылдын 9-сентябры. Кыргызстанда «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды.

Программаны ишке ашыруунун биринчи айында — июль айында — 191 796 арыз кабыл алынган. Ошентип, кайрылуулардын саны дээрлик 52 миңге же 26,6%га көбөйдү.

Программанын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири — «Түндүк» мобилдик тиркемесинин активдүү колдонулушу. Арыздардын 83% электрондук форматта, ал эми 17% аймактык бөлүмдөр аркылуу келип түшүүдө.

Жөлөкпулдун өлчөмү төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки ар бир балага айына 1 200 сомду түзөт. Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган балдар үчүн жөлөкпулдун өлчөмү белгиленген райондук коэффициенттерди эске алуу менен аныкталат.

Учурда система маалыматтарды пландуу жаңыртуу жана актуалдаштыруу иштерин, ошондой эле келип түшкөн арыздарды этап-этабы менен иштеп чыгууну жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, эсептөөлөрдүн жана жөлөкпулдарды дайындоонун тууралыгын камсыз кылуу үчүн маалыматтарды кошумча салыштырып текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул жол-жоболор көп сандагы кайрылууларды иштеп чыгуунун белгиленген процессинин бир бөлүгү болуп саналат жана төлөмдөрдүн туура эсептелип, дайындалышын камсыз кылууга багытталган.

Жооптуу мамлекеттик органдар жана техникалык адистер аныкталган дал келбестиктерди жоюу жана системанын туруктуу иштешин жакшыртуу боюнча биргелешкен иштерди улантууда.

Арыздарды иштеп чыгуу аяктагандан кийин төлөмдөр белгиленген тартипте 10–11-сентябрга чейин жүргүзүлөт.