Чет өлкөлүк жаран милиция кызматкерине пара берүүгө шектелип кармалды
-
2026-жылдын 2-августунда кызмат өтөө учурунда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБдин №6 шаардык милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан караоке-клубдардын биринин жанында чет өлкөлүк жарандардын катышуусунда мушташ болгону тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган факт боюнча чет өлкөлүк жарандар 1991-жылы туулган K.J., жана 2001-жылы туулган Z.X., милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ошондой эле коомдук тартипти бузгандыгы үчүн чет өлкөлүк жаран 1987-жылы туулган Z.X., дагы жеткирилген. Аталган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине («Майда бейбаштык») ылайык укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлгөн.
2026-жылдын 4-августунда жогоруда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк жарандар административдик материалдарды кароо үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жеткирилген. Соттун жыйынтыгы менен алардын ар бирине үч күнгө административдик камакка алуу жана Бишкек шаарынын ИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын Атайын кабыл алуучу жайына киргизүү түрүндөгү административдик жаза дайындалган.
Соттук отурум аяктагандан кийин, аталган жарандарды коштоп бара жаткан учурда, милиция кызматкерине кармалгандардын өкүлү катары тааныштырган чет өлкөлүк жаран кайрылган. Ал чет өлкөлүк жарандарды административдик камактан бошотуп берүү үчүн милиция кызматкерине 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык сунуштаган. -
Ошондой эле, административдик материалдар сотто каралганга чейин эле бул жаран милиция кызматкерлерин мыйзамсыз аракеттерди жасоого бир нече жолу азгырып, жогоруда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк жарандарга карата административдик камак чарасын колдонбоо үчүн ар кандай өлчөмдөгү акча каражаттарын сунуштаганы аныкталган.
-
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын берүү учурунда чет өлкөлүк 1982-жылы туулган С.Ч., жаран кылмыш үстүндө кармалган.
-
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгү («Пара берүү») боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
-
Учурда бардык зарыл болгон тергөө жана процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө. Тергөө ишинин жүрүшү Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБдин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө.
-
Милиция эскертет: пара берүү – кылмыш жоопкерчилигине алып келүүчү жосун. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыйзамсыз аракеттерге түртүүгө болгон бардык аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. Жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого жана коррупциялык кылмыштарды жасоодон алыс болууга чакырабыз.
