Бишкекте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген эки жаран кармалды
9 сентябрь

Бишкекте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген эки жаран кармалды

  • Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына «102» кызматы аркылуу Исанов жана Пржевальский көчөлөрүнүн кесилишинде баңгизаттарды жашыруун жайларга катып кетүүгө тиешеси бар деп шектелген эки жаран кармалганы тууралуу маалымат түшкөн.

  • Окуя болгон жерге дароо Биринчи Май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Текшерүү учурунда Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын алкагында Б.С., 2004-жылы туулган жана Э.К., 2006-жылы туулган жарандарды кармаганы аныкталган.

  • Жеке тинтүү учурунда кармалгандардын биринен ак түстөгү изолента менен оролгон үч таңгак, экинчисинен келип чыгышы белгисиз зат салынган ушундай эле эки таңгак табылып, алынган.

  • Мындан тышкары, кармалгандар буга чейин баңгизаттарды жашыруун жайларга катып кеткен жерлерди көрсөтүшкөн. Көрсөтүлгөн жерлерди Кыргыз Республикасынын кылмыш-процессуалдык мыйзамдарына ылайык кароо учурунда келип чыгышы белгисиз зат салынган дагы 20 таңгак табылып, алынган.

  • Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

  • Шектүүлөр Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

  • Учурда тиешелүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.