Депутаттык топторго 2 млн сом бөлүнөт. Айрым депутаттар бул сумманы аз дешүүдө
Жогорку Кеңепутат Умбеталы Кыдыралиев депутаттык топтордун фонду курамында канча депутат бардыгына жараша өзгөрүшү керек деп эсептейт. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
“Парламентте беш депутаттык топ бар. Алардын ар биринин жылдык фонду 2 миллион сом деп белгиленген. Бирок биздин “Ынтымак-Мекенчил” тобунда 23-24төй депутат бар. Биздин курам көп. Анын үстүнө эксперттерди чакырабыз, ар кандай иш чараларды өткөрөбүз, айтор иш көп. Биз көбүрөөк болгондон кийин бизге көбүрөөк каражат бөлүш керек да, туурабы?” – деди депутат.
Депутат Камила Талиева VIII чакырылыш ишмердүүлүгүн жаңыдан баштаган кезде комитеттердин, депутаттык топтордун фонду спикер жана депутаттык топтордун жетекчилери менен биргеликте аныкталганын айтты.
“Алар бирдиктүү тариф деген чечим чыгарышкан. Ага ылайык, кайсы топто канча депутат бардыгына карабастан, баарына бирдей 2 миллион сомдон бөлүнөт”, – деди ал.
