Манас шаарында мыйзамсыз ок атуучу курал алынды
КРнын ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБдин КИБдин кызматкерлери тарабынан Манас шаарынын аймагында “Алмаз” аттуу жаран эч кандай уруксат кагаздары жок, өзүнүн үйүндө мыйзамсыз ок атуучу куралын сактап жаткандыгы боюнча маалымат алынган.
Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 1974-жылы туулган Манас шаарынын А.Ж. аттуу тургуну аныкталып, тергөө кызматы тарабынан жашап жаткан үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, 1 даана сайсыз ок атуучу курал 12 колибрлүү 72 даана ок дарылары, ТОЗ-8 41 даана ок дарысы жана 1 даана газотравматикага окшош тапанча алынып, аларга карата балистикалык экспертизалар дайындалып, 48 саатка камакка алынды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
