2025-жылдын январь айында Соцфонддун Call-борбору 2063 кайрылууну кабыл алды
7 февраль

2025-жылдын январь айында Соцфонддун Call-борбору 2063 кайрылууну кабыл алды

Call-борбор мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча жарандарга кесипкөй жардам көрсөтөт. Кыска 1202 номуру аркылуу байланышып, керектүү маалымат алууга мүмкүн.

 Январь айында алынган кайрылуулар:

  • 775 телефон чалуусу
  • 1288 кайрылуу онлайн-офлайн чат аркылуу
  • Кайрылуулар негизинен төмөнкү маселелерге тиешелүү болду:
  • Топтомо пенсия – топтолгон каражаттар жана аларды алуу тартиби
  • Пенсия чектөө
  • Жеке камсыздандыруу эсеби
  • Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери
  • Башка пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу маселелери
  • Учурда жарандардын топтомо пенсиясы боюнча суроолору көбөйүүдө.

Соцфонддун адистери топтолгон каражаттар, аларды алуу жолдору жана башка маанилүү маселелер боюнча толук маалымат берип жатышат.

Сиз дагы суроолоруңузга жооп алуу үчүн 1202 номерине кайрылсаңыз болот.