Ата-энесинин камкордугусуз калган 4 бала мекенине кайтарылды
19 июль

Ата-энесинин камкордугусуз калган 4 бала мекенине кайтарылды

 2025-жылдын 19-июль күнү  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги менен тыгыз кызматташтыктын алкагында Россия Федерациясынын аймагында ата-энесинин камкордугусуз калган төрт баланы Кыргызстанга кайтарды.

Кайтарылган балдардын ичинен экөө жакын туугандарына өткөрүлдү, калган эки бала Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар мекемесине убактылуу жайгаштырылды. Министрлик тарабынан бул балдардын укуктарын, коопсуздугун жана социалдык коргоосун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Министрлик чет өлкөлөрдө оор кырдаалда калган жаш жарандарды коргоо жана мекенине кайтаруу боюнча иш-чараларды мындан ары да улантат жана бул багытта тиешелүү мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын бекемдөөнү улантат.