1 февраль

Каракол: таштанды таштоочу түтүкчөгө кыпчылып калган жаран куткарылды

31-январь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөгү таштанды таштоочу түтүкчөгө 1996-ж.т. М.Б. аттуу эркек киши кыпчылып, өз алдынча чыгалбай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Каракол шаардык №15 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган адамды чыгарышкан. Абалы туруктуу.