видеодон алынган кадр
13 июль
Ак-Сай өрөөнүндө мыйзамсыз балык уулоого шектелген чет элдиктер кармалды
Социалдык тармактарда Ак-Сай өрөөнүндө мыйзамсыз балык уулоого байланыштуу тараган видео боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Нарын облустук милициясынан кабарлашкандай, көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында видеодо тартылган чет өлкөлүк жарандардын өздүгү аныкталды. Ал эми автоунаанын капталындагы жазууларын сыйрып, номерин алып салышкандыгы такталган, автоунаа айып короого киргизилди.
Учурда чет өлкөлүк жарандар Ат-Башы РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, окуянын бардык жагдайлары такталууда. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.
