иллюстрациялык сүрөт
13 июль
Бишкекте бычакка окшош буюм көтөрүп жүргөн кыздын өздүгү такталды
Социалдык тармактарда «Ак-Ордо» конушунун аймагында бычакка окшош буюм көтөрүп жүргөн жашы жете элек кыздын видеосу тараган.
Бул факты боюнча материал Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин МЭЖге катталып, учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө жашы жете элек кыздын өздүгү такталган. Ал 2010-жылы туулган Т.А. болуп чыккан.
Ал зарыл болгон процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн Ленин райондук ИИБге жеткирилген.
Алгачкы текшерүү иш-чаралары аяктагандан кийин жашы жете элек кыз тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынганга чейин ата-энесинин көзөмөлүнө коё берилет.
