www
13 июль
Бишкектин айрым аймактарында бир суткага таза суу жок болот
Бишкектин айрым аймактарында 14-июль саат 09:00дөн 15-июль саат 08:00гө чейин таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Өчүрүү району: Асанбай кичи району (Куттубаев көчөсүнөн С. Батор көчөсүнө чейин), 6-кичи район, 5-кичи район толук эмес, 8-кичи райондун түштүк тарабы, Ала-Арча-1, Ала-Арча-2, Ала-Арча-3 турак жай шаарчалары, Орто-Сай-2, Сары-Өзөн, Француз кварталынын батыш тарабы, Газпром мектеби, Асанбай 40/1. 8-кичи райондо суунун басымы төмөндөйт.
Суу берүүнүн токтотулушу диаметри 600 мм болгон суу түтүгүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.
“Бишкексууканал” ишканасы мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.
