5-августка карата ККМнын баасы: Кыргызстан кайрадан күйүүчү майдын баасы боюнча алдыңкы орунга чыкты
2026-жылдын 5-августуна карата Кыргызстан аймактагы күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы эң жогору болгон өлкөлөрдүн катарында калууда.
Салыштырмалуу маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 86,9 сомду түзөт.
Бул Казакстандагы баадан дээрлик эки эсе кымбат, ал жакта АИ-92 бензининин бир литри 46,1 сом турат. Россияда анын орточо баасы 76,2 сом, Беларусьте – 77,7 сом.
Ошол эле учурда Кыргызстанга караганда АИ-92 бензини Өзбекстанда – 94,9 сом, Тажикстанда – 122,9 сом жана Арменияда – 127,2 сомдон сатылууда.
Бишкекте АИ-95 бензининин литри орточо эсеп менен 109,9 сом турат. Казакстанда анын баасы 59,9 сом, Беларусьте – 80,7 сом, Россияда – 83,3 сомду түзөт.
АИ-95 бензининин баасы Өзбекстанда – 124,1 сом, Арменияда – 134,4 сом жана Тажикстанда – 137 сомго чейин жетет.
Кыргызстанда дизель майынын орточо баасы литрине 99,9 сомду түзөт. Казакстанда дизель 63,9 сом, Беларусьте – 80,7 сом, Россияда – 91,5 сом турат.
Өзбекстанда анын баасы 105,9 сомго, Арменияда – 146,4 сомго, Тажикстанда – 165,4 сомго чейин жетет.
Бишкекте суюлтулган газдын орточо баасы литрине 48,8 сомду түзөт. Бул Казакстан, Беларусь, Россия жана Өзбекстанга караганда кымбат, бирок Тажикстан менен Арменияга салыштырмалуу арзаныраак.
