2027-жылга карата ММКФнын бюджетин 12,9 млрд сомго чейин көбөйтүү пландалууда
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2027-жылга бюджети 12 млрд 863,3 млн сом өлчөмүндө бекитилиши пландалууда.
Тиешелүү мыйзам долбоору кароого киргизилди.
Фонддун кирешелери жана чыгашалары бирдей көлөмдө – 12 млрд 863,3 млн сом деп каралган.
Каржылоонун негизги булактары болуп республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттар жана Социалдык фонд тарабынан которулуучу милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелет.
Республикалык бюджеттен 2 млрд 57,9 млн сом багыттоо пландалууда. Камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшүүчү каражаттар 8 млрд 399,3 млн сом өлчөмүндө болжолдонууда.
Ошондой эле бюджетте 699,9 млн сом өлчөмүндө камсыздандыруу резервин түзүү каралган.
ФОМСтун каражаттары каттоого турган калкка медициналык жардам көрсөтүүнү каржылоого, стационарларда бейтаптарды дарылоого жана фонд менен келишим түзгөн дарыканалар аркылуу жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоого жумшалат.
Саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жүргүзүлөт.
ФОМСтун 2028-жылга карата болжолдуу бюджети 13 млрд 572,1 млн сомду, ал эми 2029-жылга 14 млрд 246,2 млн сомду түзөт.
Ошол эле учурда бюджет долбоорунда сот чечимдери боюнча төлөмдөр үчүн өзүнчө каражат каралган эмес. Негиздемеде белгиленгендей, фонддун бюджети максаттуу багытка ээ жана кошумча киреше булактарына ээ эмес.
