2030-жылга чейин калктын аялуу катмары жашаган айылдардын 80% жыл бою үзгүлтүксүз каттам камсыз кылуу пландалууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 август

2030-жылга чейин калктын аялуу катмары жашаган айылдардын 80% жыл бою үзгүлтүксүз каттам камсыз кылуу пландалууда

2030-жылга чейин унаа жолдору аркылуу жыл бою жеткиликтүүлүгү бар аялуу калктуу конуштардын үлүшүн 80%га жеткирүү пландалууда.

Мындай максаттуу көрсөткүч Кыргызстандын бийик тоолуу, алыскы жана чек ара аймактарын 2030-жылга чейин колдоо боюнча мамлекеттик программанын долбоорунда камтылган.

Ичүүчү таза суу менен камсыз болгон үй чарбаларынын үлүшүн 65%га жеткирүү сунушталууда.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен камтууну 50%га чейин жогорулатуу каралууда.

Мындан тышкары, долбоор жыл сайын жумуш орундарын 10%га көбөйтүүнү жана аялуу аймактардагы жакырчылыктын орточо деңгээлин 10%га чейин төмөндөтүүнү көздөйт.

2030-жылга чейин өзгөчө аялуу айылдардын 50%дан 70%га чейинки бөлүгүн орточо аялуу категориясына өткөрүү пландалууда. Ал эми орточо аялуу калктуу конуштардын дагы 30%ын шарттуу категорияга өткөрүү каралган.