Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды
15 январь

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. 

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 15-январда түнкү саат 04:43тө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга (Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта, Ош шаарынан 140 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.