Кыргызстандагы энелердин орточо жашы 28,5 жашка чейин өстү
2025-жылы эненин бала төрөгөндөгү орточо курагы мурунку жылдарга салыштырмалуу өсүп, 28,5 жашты түздү.
Белгилей кетчү нерсе, эң жаш энелер Ош облусунда жашашат (27,9 жаш). Салт боюнча наристелердин көбү 20дан 30 жашка чейинки аялдарда төрөлөт (2025-жылы төрөлгөн балдардын 55%), бирок акыркы жылдары бул курактык категориядагы аялдардын арасында төрөттүн деңгээлинин төмөндөө тенденциясы байкалууда. Муну менен катар, нике курагына чейинки кыздардын (15-1 жаш) арасында төрөттүн көрсөткүчү 2021-жылдагы ушул курактагы ар 1 000 кызга 3,5 баладан 2025-жылы 1,9 балага чейин 1,8 эсеге төмөндөдү.
Нике курагына чейинки кыздардын арасында төрөттүн эң жогорку көрсөткүчү Чүй облусунда жана Ош шаарында байкалып, 2025-жылы республикалык көрсөткүчтөн 1,4 эсеге ашты.
2025-жылы өлкө боюнча орточо төрөттүн жалпы коэффициенти 1000 тургунга 19,1 жаңы төрөлгөн ымыркайды түздү, бул 2021-жылга салыштырмалуу (1000 калкка 21,9) 12,9%га төмөн.
Эң жогорку көрсөткүчтөр Баткен (1000 калкка 23,4 катталган жаңы төрөлгөн ымыркай), Ош (22,1), Жалал-Абад (21,7) жана Нарын (20,8) облустарында белгиленди.
