Санитардык текшерүүдөн кийин "Мадина" базарындагы сегиз кафе убактылуу жабылды
8 июнь

Санитардык текшерүүдөн кийин "Мадина" базарындагы сегиз кафе убактылуу жабылды

Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери «Мадина» базарындагы коомдук тамактануу жайларында пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүштү. Анын жыйынтыгында сегиз кафенин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.

Текшерүүгө «Райхан», «Асанбувак», «Мадина», «Атуш-1», «Атуш-2», «Чабандес», «Бистро» жана «Урумчи» кафелери кабылды. Рейддин жүрүшүндө санитардык дарыгерлер 80 сүртүндү жана даяр тамак-аштын 16 үлгүсүн лабораториялык изилдөө үчүн алышты.

Көзөмөлдөөчү мекеменин маалыматына ылайык, текшерилген объектилерден санитардык нормалардын бузулушу аныкталган. Анын негизинде 12 административдик протокол түзүлүп, айып пул салуу боюнча 12 токтом чыгарылды. Жалпы айып пулдун суммасы 142 миң сомду түздү.

Санитардык абалдын талапка жооп бербегендигине байланыштуу бардык сегиз коомдук тамактануу жайына ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу көрсөтмө берилди. Чектөөлөр 2026-жылдын 8-июнунан тартып күчүнө кирип, аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин улантылат.