Камчыбек Ташиев тергөөнүн маалыматын ачыкка чыгарбоо боюнча тил кат жазган
19 март

Камчыбек Ташиев тергөөнүн маалыматын ачыкка чыгарбоо боюнча тил кат жазган

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы ИИМдин Тергөө кызматына сурак берди. 

Ал 19-мартта эртең менен Бишкекке келип, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка кирип кеткен. Ал жерде беш саатка жакын убакыт болгон. Ташиев эки кылмыш иши боюнча күбө катары сурап берген. Андан соң андан тергөөнүн маалыматын ачыкка чыгарбоо боюнча тил кат алынган.