Кыргызстанда ретинопатиясы бар ара төрөлгөн ымыркайларга жардам күчөтүлүүдө
24 февраль

Кыргызстанда ретинопатиясы бар ара төрөлгөн ымыркайларга жардам күчөтүлүүдө

Кыргыз Республикасында ара төрөлгөн ымыркайларда кездешүүчү ретинопатияны – мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн балдарда гана өнүгүп, убагында дарыланбаса толук жана кайтарылгыс сокурлукка алып келиши мүмкүн болгон ооруну – эрте аныктоо жана дарылоо системасы күчөтүлүүдө.

Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгер-офтальмологу Алина Сагынбекова маалымдады. Адистин айтымында, ара төрөлгөндөрдүн ретинопатиясы көздүн кан тамыр кабыгынын жана анатомиялык түзүлүштөрүнүн жетиле электиги менен байланыштуу. Оору төрөлгөн учурда эмес, ымыркай чоңойгон сайын өнүгөт. Ошондуктан өз убагында текшерүүдөн өткөрүү өзгөчө маанилүү.

Ретинопатия жашоонун алгачкы үч жумасында аныкталат. Кош бойлуулуктун 35-жумасына чейин төрөлгөн бардык ымыркайлар сөзсүз түрдө офтальмолог тарабынан текшерилиши керек. Бишкек шаарында мындай кароолор Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жүргүзүлөт, ал эми региондордо — атайын даярдыктан өткөн адистер иштеген борбордук областтык ооруканаларда скрининг өткөрүлөт.

Адистер белгилешкендей, ата-энелер оорунун алгачкы баскычтарын өз алдынча байкай алышпайт. Ошондуктан ымыркайдын жашоосунун биринчи жумаларында дарыгерге өз убагында кайрылуу чечүүчү мааниге ээ.

Ретинопатия бир нече стадиядан турат. Алгачкы эки стадияда динамикалык байкоо талап кылынат – кээ бир учурларда бала чоңойгон сайын өзгөрүүлөр өзүнөн-өзү жоголушу мүмкүн. Бирок оору күчөп, көрсөткүчтөр болгондо, балага атайын дарылоо жүргүзүлөт.

Өз убагында текшерилбеген же дарыланбаган учурларда көрүүсүн толук жоготуусу жана андан кийинки майыптыкка алып келиши мүмкүн. Ошол эле учурда заманбап дарылоо ыкмалары жогорку натыйжаларды берет – дүйнөлүк жана ата мекендик статистика боюнча, өз убагында дарыланган балдардын 89–90 пайызында жакшы көрүү сакталат. Айрым учурларда көз айнек менен калыбына келүүчү бузулуулар болушу мүмкүн.

Кыргызстанда жыл сайын текшерүүлөрдүн камтуусу кеңейип, ара төрөлгөн ымыркайларды колдоо күчөтүлүүдө. Эгер мурда негизги басым ооруну аныктоого жасалса, бүгүнкү күндө толук кандуу байкоо жана дарылоо системасы калыптанууда.

2024–2025-жылдары өлкөдө тобокел тобундагы балдарга көрсөтүлгөн офтальмологиялык жардамдын көлөмү кыйла өстү. Жалпы кароолордун саны 851ден 2584кө чейин көбөйдү. Алгачкы кароолор 881ден 940ка чейин орточо өскөнү менен, кайталап текшерүүлөр 970тен 1644кө чейин кыйла көбөйгөн. Бул балдарга туруктуу динамикалык байкоо жүргүзүлүп жатканын жана коштоонун сапаты жогорулаганын көрсөтөт.

Өнүгүүнүн өзүнчө этабы катары 2024-жылдан тартып биринчи жолу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында ретинопатия боюнча операциялар жүргүзүлө баштады. Атайын дарылоо алган балдардын саны 2024-жылы 42 болсо, 2025-жылы 79га жетти.

Бүгүнкү күндө дарыгерлер заманбап ыкмаларды – лазердик коагуляцияны, Саламаттык сактоо министрлигинин Жогорку технологиялар фондунун колдоосу менен ишке ашырылган anti-VEGF терапиясын, ошондой эле айкалышкан ыкмаларды колдонушууда. Бул өлкөдө ретинопатияны скринингден өткөрүү этабынан активдүү дарылоонун туруктуу моделине өтүү жүрүп жатканын айгинелейт.

Адистер эскертишет: ар бир ара төрөлгөн ымыркай офтальмолог, ЛОР-дарыгер, невропатолог жана педиатр тарабынан сөзсүз текшерилиши керек. Комплекстүү мамиле жана эрте байкоо гана мүмкүн болгон четтөөлөрдү өз убагында аныктоого жана баланын ден соолугун сактоого шарт түзөт.