КР ТИМ башчысы Чыгыш Тимордун президенти Жозе Рамуш-Орта менен жолугушту
Кыргызстандые тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Чыгыш Тимор Демократиялык Республикасынын президенти Жозе Рамуш-Орта менен жолугушту.
ТИМден кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 2026-жылдын 23-февралында Женева шаарында өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегменттеринин алкагында өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап толук форматтагы эки тараптуу мамилелерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, кызматташуунун бекем саясий-укуктук базасын калыптандыруунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Тараптар саясий диалогду кеңейтүүнүн, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашып, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Чыгыш Тимор Демократиялык Республикасынын ортосундагы байланыштарды активдештирүүгө, саясий консультацияларды уюштурууга жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоого даярдык тастыкталды.
