Таласта 100 миң сом пара алып жаткан жеринен милиция кызматкери колго түштү
24 февраль

Таласта 100 миң сом пара алып жаткан жеринен милиция кызматкери колго түштү

КР УКМК укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча системалуу иш-чаралардын алкагында Талас РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери Т.Р.З. тарабынан пара талап кылуу фактысын аныктады.

Тактап айтканда, Т.Р.З. ички иштер органдарынын кызматкери деген наамды дискредитациялап, узак убакыт бою Т.Н.Т. аттуу жаранга басым көрсөтүп, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуу аркылуу системалуу түрдө акча каражаттарын талап кылып келген.

2026-жылдын 21-февралында КР УКМК кызматкерлери тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Т.Р.З. талап кылынган паранын 100 миң сом өлчөмүндөгү бөлүгүн алып жаткан учурда кармалды.

Учурда кармалган жаран Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө аракеттеринин комплекси жүргүзүлүүдө.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөш улантылууда, бул атайын кызматтардын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.